Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 23.06.2015 16:36

Алайда электр тармактар ишканасынын кызматкерлери волейбол боюнча мелдеште 3-орунду алышты (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районунун электр тармактар ишканасынын кызматкерлери волейбол боюнча мелдеште 3-орунду алышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Бакыт Арынбаев жетектеген Алай райондук электр тармактар ишканасы «Ош электр» ачык акционердик коому тарабынан уюштурулган облустун бардык электр ишканалары катышкан спорттук мелдеште өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Тактап айтканда, алар волейбол боюнча мелдеште 3-орунга татыктуу болсо, футболдон 5-орунду камсыз кылышып, баалуу белектер менен сыйланып, кайтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×