Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 16.06.2015 16:18

Чоң-Алай районунда 5 жыл мурун бруцеллёзду жуктургандар кескин өскөн, учурда алардын саны кыскарды

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районунда жыл башынан бери бруцеллёздун белгилери менен 4 адам катталды.

Райондун ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Сыдык Калбаев аймактык кабарчыга билдиргендей, бул аймакта 5-6 жыл мурда бул ооруга чалдыккандардын саны кескин өскөн.

«Кээ бир учурларда ара тууган мал-жандыктарды карагандар гигенаны сактабайт. Бул учурларда жана бышпаган каймакты жеген учурда да бруцеллёз жугушу мүмкүн.

Бул ооруну убагында дарыласа толук түрдө айыгып кетет. Өткөн жылы 6 адам бул ооруну жуктурган. 5-6 жыл мурда жуктургандардын саны кескин өсүп кеткен эле», - деди С.Калбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×