Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 10.06.2015 15:48

Алайлык дыйкан, фермерлер 10%дык насыяны эми ала башташты

Turmush -  Алай районундагы дыйкан фермерлер өз иштерин жандандыруу максатында жеңилдетилген кредиттерди ала башташты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Өкмөт тарабынан айыл чарбасын колдоо максатында берилип жаткан жеңилдетилген 10%дык кредит жана Лизинге берилүүчү айыл чарба техникалары боюнча кеңири маалымат алуу үчүн Алай районунда атайын семинар өткөрүлдү.

Семинарга Алай районунун акиминин орун басары Максатбек Зикиров, Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Көчкөн Алиевдер катышышты.

Семинарга катышкан райондун айыл өкмөт башчылары, дыйкан фермерлер Айыл банктын адистери тарабынан жеңилдетилген 10%дык кредиттер кандай жол менен берилип жатканы, Лизингге берилүүчү техникалар боюнча кеңири маалыматтарды алышып, бул багыттагы видео роликтер менен таанышышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×