Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 02.06.2015 15:32

«Ден-соолук кербени» Алай районуна келди (фото)

Turmush -  «Ден соолук кербени» белгиленген графиктин негизинде 21-22-май күндөрү Чоң-Алай районунан Алай районуна келди. Алай райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Адил Алимкулов аймактык кабарчыга билдиргендей, 25-майдан 29-майга чейин 4021 жаран медициналык кароодон өттү.

Ал эми, кечээ, 1-июнда «Ден соолук кербени» Алай районунун борбору Гүлчө айылында болду. 18 миңге жакын калк жашаган бул айыл өкмөттө «Ден соолук кербени» эки күн болот. Анын ачылыш аземинде район жетекчиси Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примовдор сөз сүйлөп, биринчи байлык ден-соолук экенин белгилеп, эч качан оорубагыла деген тилектерин билдиришти.

Т.Сарыбашов тоолуу аймактарда дарыгерлер жетишсиз экенин, элет элинин көпчүлүгү ден-соолуктарын текшерте бербестигин белгилеп, андыктан мындай шарт калк үчүн өтө ыңгайлуу экенин билдирди.

Аталган акция Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен өтүп жатат. Ошентип, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлер курамынан турган топ элдин ден-соолугун кароодон өткөрүүдө.

Алай эли уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×