Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 29.05.2015 18:31

Миңге жакын окуучусу бар Алайдын Гүлчө айылындагы орто мектептин бир гана бүтүрүүчүсү артыкчылык аттестатына татыктуу деп табылды

Turmush -  Бүгүн, 29-майда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүндө жайгашкан Муса Адышев атындагы орто мектепте акыркы коңгуроо аземи болуп өттү. Мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Турат Абдраев аймактык кабарчыга билдиргендей, бул жылы аталган мектептин бир гана бүтүрүүчүсү артыкчылык аттестатына татыктуу деп табылды.

Маалыматка ылайык, бул мектепте быйыл 61 окуучу 11-классты аяктап жатат.

«Быйыл биздин мектепте 61 окуучу 11-классты, 77 окуучу 9-классты бүтүрүп жатат. Алдыңкы окуучуларга грамоталарды тапшырдык. Табият койнунда эс алууга тыюу салынган. Окуучулар тарабынан эч кандай акча чогултулган жок. Мугалимдерге да гүлдөн башка эч нерсе белек катары берилбейт», - деди Т.Абдраев.

М.Адышев атындагы орто мектеп бул окуу жылында 957 окуучуга билим берди. Бүгүнкү акыркы коңгуроо салтанатында 2-3 милиция кызматкери жалпы тартип менен коопсуздукту көзөмөлгө алды, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×