Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 25.05.2015 18:17

Алай районунда мектепти 20-30-40 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр келишип, мугалимдери менен сабак өтүштү (фото)

Turmush -  Алай районунда 1975-1985 жана 1995-жылы Макаренко атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү арадан 20-30-40 жыл өтсө да, билим ширесин таткан ордолоруна келишип, окуткан агай-эжейлери менен сыр чечишип жолугушуп кайтышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жолугушуу аземин мурдагы Маракенко азыркы Отунчиев атындагы мектеп гимназиясынын директору Мухамбет Асанов ачты. Гимн ойнолуп, маараке ээлеринин парады өттү. Мектеп директору мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо 20-30-40 жылдыктардын кошкон салымы чоң экендигин белгиледи.

Андан кийин аларды куттуктап Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов, райондогу кошмо жыйындын төрагасы Шерик Жапаңов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков сүйлөшүп, көп жылдык эмгектери менен өлкө экономикасын көтөрүүдө кошуп жаткан салымдарын айтып өтүштү.

40 жылдыгын белгилеп жатышкан бүтүрүүчүлөрдүн атынан КРнын Илимдер Академиясынын физика институтунун улуу илимий кызматкери Нурпазыл Ниязов, Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик Университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илиминин доктору, профессор Айчүрөк Калдыбаева, 20 жылдык бүтүрүүчүдөрдүн атынан Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош областы боюнча башкармалыгынын башчысы, майор Даир Каримов, КРнын чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башчысынын биринчи орун басары Сапар Токтосунов, 30 жылдыктардын атынан Шабданова Дарыя, Топчубаев Сапарбектер сүйлөшүп, билим ширесин татыткан мугалимдерге таазим этишти. Мектепке арнаган белектерин тапшырышты.

Өздөрү окуган класстарга киришип, мугалимдери менен өткөн күндөрдүн узун сабак катары өтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×