Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 25.05.2015 16:36

Алай районунун тарыхында биринчи болуп гимназия мектебинде кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Turmush -  Алай районунун Отунчиев атындагы гимназия мектебинин алдында райондун тарыхында алгачкылардан болуп кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Бул аянтча мурдагы Макаренко, азыркы Отунчиев атындагы орто мектепти мындан 20 жыл мурда бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрдүн колдоосу менен бүткөрүлдү.

Анын ачылыш аземине Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, футбол аянтчасын бүткөрүүгө чоң салым кошкон Улан Примов, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков, Отунчиев атындагы гимназия мектебинин директору Мухамбет Асанов жана башкалар катышышты.

Жакшы тилек, максаттарын айтышкан алар футбол оюунун көрсөтүүгө даяр турган кичинекей футболчуларга ийгилик каалашты.

IMG_7351

IMG_7169

IMG_7162

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×