Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 25.05.2015 12:26

Алайда ар кандай себептер менен эмделе элек калктын 5%ын эмдөө улантылып жатат

Turmush -  Алай районунда 12-майдан 23-майга чейинки аралыкта өтө турган улуттук эмдөө кампаниясы уюшкандык менен өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Мектеп жашына чейинкилер 100,8%, мектеп жашындагылар 101,1%, мындан сырткары студенттер, медицина кызматкерлери, окутуучулар, аскер кызматындагылар жана улуттук эмлөө ала турган башка тиешелүү адамдар 88,3 пайыздан 99,6 пайызга чейин толук камтылды.

Же жалпысынан алганда район боюнча 23-майга карата 30769 адам улуттук эмдөөдөн өтүп, 95,1 пайызды түздү.

Ар кандай себептер менен убагында улуттук эмдөөдөн өтө ала албай калгандар (ооруп ж .б.) учурда эмдөөдөн өтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×