Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 25.05.2015 09:21

Алайда акыркы коңгуроо майрамын коопсуз өткөрүү максатында аким жетектеген штаб түзүлдү

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда 29-майда акыркы коңгуроо майрамын уюшкандыкта жана коопсуз өткөрүү максатында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Сарыбашов жетектеген атайын штаб түзүлдү.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, атайын буйрук чыгып, ашыкча чыгымдарга жол берүүгө, максатсыз акча каражаттарын чогултууга, бул иш-чараны кафе-ресторандарда, оюн-зоок жайларда жана табиятта улантууга бөгөт коюлган.

 Алай районунда 11-классты 730, 9-классты 1252 окуучу аяктарын, анын ичинде 9-класстан 65 окуучу өзгөчө күбөлүккө көрсөтүлүп жатканын Алай райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×