Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 23.05.2015 10:13

Алайдын Аюу-Тапан айылында орто мектептин эски имараты балдар бакчасына ылайыкташтырылып ачылды (фото)

Turmush -  Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Аюу-Тапан айылында №21 «Дил Булак» балдар бакчасы эшик ачты, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан айыл тургундарынын жана бакчага келген балдардын көңүлү, маанайы ачык болду. Жаратылышы кооз, тоо койнунда жайгашкан бакчанын ачылышы жергиликтүү тургундар үчүн чоң кубаныч болду. Анткени Алай районунун бул аймагында да бала бакча жок эле, дейт кабарчы.

Анын ачылыш аземине Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Максатбек Зикиров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков, райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Замирбек Молдокулов, социалдык фонддун башчысы Абакир Бороновдор катышышты.

Салтанатты Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Жүрсүн Өмүрзаков ачты. Ал С.Сатиев атындагы орто мектептин эски имараты балдар бакчасына ыдайыкташтырылып жасалгалангандыгын, мүмкүнчүлүктүн болушунча ага бардык шарттар түзүлгөндүгүн айтты. Ошондой эле ал айыл өкмөтү тарабынан балдар бакчасына керектүү эмеректер, тамак-аш, идиш-аяк үчүн акча каражаттарын бөлүп бергендигин билдирди.

Мындан сырткары, өтүп бараткан жыл үчүн да электр энергия, көмүр, тамак-аш жана башка керектөөлөрү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралганын маалымдады. «Албетте, ата-энелер тарабынан да колдоолор болгон. Ошентип бул бакчага 3 жаштан 6 жашка чейинки 60 бала тартылып, алар эки тайпада тарбияланууда», - деди ал.

MSDSP KG коомдук фондусунун (Ага Хан фондунун демилгеси) мектепке чейинки билим берүү долбоорунун координатору Джумабаева Динара 2009-жылы 2 үй шартындагы жана бир мектептин алдындагы балдар бакчалары ачылгандыгын, бирок алар толук кандуу иш аракеттерин жүргүзө албай калышкандыгына токтолуп, ачылып жаткан бакчанын ишине ийгилик каалады.

Жошолу элдик театрынын жана бакчанын тарбиялануучуларынын концерттик программалары тартууланды.

Бакчанын кызыл тасмасы айыл аксакалдарынын катышуусу менен кыркылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×