Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 21.05.2015 13:16

Алай районунда мектеп окуучуларынын арасында альвеококк, эхинококк оорусуна чалдыккандар чыгып жатат

Turmush -  Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов баш болгон райондогу тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери элдик жыйынды улантышып, Ибарат Кутушова жетектеген Үч-Дөбө жана Нурпазыл Кайыров жетектеген Алай айыл өкмөттөрүндө болушту.

Үч-Дөбө айыл өкмөтүндө бир көчөдөн бир көчөгө өтө турган жолдордон бери тосулуп жаткандыгын, ага мыйзам чегинде чара көрүүнү, үйлөнгөн жаштарга турак жай салуу үчүн жерлердин тартыштыгы, Кызыл-Алай аймагындагы ички жолдордун начардыгы, Кичи-Кара-Колдо таза суунун тартыштыгынан арыктан суу ичип жатышкандыгын, Ак-Босого айылындагы Чолок-Боз жолунун каралбай калышы, жайыт көйгөйү, жамгыр жааганда телевизордун тартпай жатышы жана башка бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынып, анын көпчүлүгү жеринде чечилди.

Аталган аймактарда врачтардын жетишсиздиги тууралуу да көйгөйлөр айтылды.

Ал эми Алай айыл өкмөтүндө үлүш жер жоктугунан пенсия жашына келип калган бир топ тургундар пенсияга чыга албай жатышкандыгын, эмгек стажы менен чыгайын десе айылда жумуш жоктугун, айылдагы суу трубаларынын эскилиги жеткендигин, мектеп окуучуларынын арасында альвеококк, эхинококк оорусуна чалдыгып жаткандыгы тууралуу маселелер айтылды.

Райондун акими Т.Сарыбашов калктын ден соолугу эң башкы байлык экендигин айтып, бул ооруларды алдын алуу үчүн эң биринчи иретте жолбун жана үй ээлери тарабынан каралбай калган иттерди аттыруу керектигин айтты. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен атайын акча каражаттары бөлүнгөндүгүн, бирок аталган айыл өкмөттөрдө ит атуу кечеңдеп жатканын катуу сынга алды.

Айрым аймактарда көрктөндүрүү үчүн деп айрым тургундарга бөлүнүп берилген токойлор тонолуп жаткандыгын, аны тез арада токтотуу керектигин, райондун акими Алай токой чарба башчысына тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×