Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 21.05.2015 12:52

Алай жана Чоң-Алай райондорунда бизнес план түзүү жана каржылык пландоо боюнча тренинг өттү (фото)

Turmush -  Алай жана Чоң-Алай райондорунда бизнес план түзүү жана каржылык пландоо боюнча тренинг эки жылдан бери иш алып барып жаткан «Бай Алай» программасынын алкагында өттү, деп билдирди аймактык кабарчы билдирди.

Тренингди BPN (Business Professionals Network) деп аталган швейцариялык уюмдун тажрыйбалуу тренерлери өткөрүштү. Алар аталган райондордогу ишкерлерди окутуу жана андан ары алардын бизнесин өнүктүрүү үчүн төмөнкү пайыздар менен кредит берүү боюнча иш алып барышат.

Тренингдин максаты - жергиликтүү ишкерлерди өзүнүн бизнесин өнүктүрүү максатында кредит алуу жана башка инвесторлорду табуу үчүн зарыл болгон бизнес план түзүүнүн негиздерин окутуп үйрөтүү боллу.

Окуу Чрң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы №44 кесиптик лицейдин базасында жана Алай районунун Гүлчө айылындагы райондук билим берүү бөлүмүнүн базасында болду. Окууга Алай жана Чоң-Алай райондорунан биригип, жалпы 25 жергиликтүү ишкер катышты. Катышуучулардын айтуусуна караганда, тренинг учурунда алар бизнести өнүктүрүү боюнча көптөгөн пайдалуу жана практикалык маалыматтарды алышты.

2013-жылдын август айында пилоттук фаза катары иш баштаган «Алай жана Чоң-Алай райондорундагы киреше алып келүүчү чакан бизнести өнүктүрүү» программасы 10 жылдык программа болуп эсептелет.

Программа Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Кыргызстандагы Ага-Хан фондунун консорциуму тарабынан ишке ашырылат. Программанын максаты - Алай жана Чоң-Алай райондорунда аялдар жана жаштардын арасында жумуш орундарын таап, кирешени көбөйтүү менен жакырчылыкты жоюу болуп эсептелет.

IMG_6453

IMG_6493IMG_7403

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×