Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 21.05.2015 12:37

Алайда жумурткага аллергиясы бар адамдар кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөрүлгөн жок

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда кызамыкка каршы 22 миң 864 адам эмдөөдөн өтүп, 72,4% түздү. Бул тууралуу райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун башчысы Адыл Азимкулов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, ВИЧ илдетине чалдыккандарга эмдөө жүргүзүлгөн жок.

«Район боюнча жалпы 30 миң 769 адам кызамыкка каршы эмдөө алуусу керек. Бүгүн, 21-майда күч органдарында иштеген кызматкерлер, аскер кызматкерлерди эмдөөдөн өтүп жатышат», - деди А.Азимкулов.

Аталган райондо кызамыкка каршы эмдөө алуудан баш тарткан жарандар катталган жок. «Жумуткага аллергиясы бар, ВИЧ менен ооруган жарандарга эмдөө жассодон медицина кызматкерлери баш тартты. Булар  эмделүүгө болбойт», - деп кошумчалады А.Азимкулов.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×