Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 14.05.2015 15:47

Чоң-Алайда кызамыкка каршы эмдөөнүн алкагында 13 миң жарандын ичинен 29%ы эмделди

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районуна кызамыкка каршы 11 миң дозалык вакцина келип, эмдөө жүрүп жатат. Райондук администрациядан аймактык кабарчыга маалымдалгандай, район боюнча 1 жаштан 20 жашка чейинки жарандар үчүн 13 миң 296 дозалык вакцинага арыз берилген. Анын ичинен 11 миң дозалык вакцина берилди.

Кызамык менен кызылчага каршы эмдөө боюнча улуттук кампаниянын экинчи этабы башталган 12-майдан тартып райондун аймактарында эмдөө жүргүзүлүп жатат. Учурда калктын 29,3% эмдөөдөн өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×