Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 13.05.2015 11:13

Алайда кызамыкка каршы улуттук эмдөө башталды (фото)

Turmush -  Алай районунда 12-23-май аралыгында өтө турган улуттук эмдөө кампаниясы уюшкандык менен башталды, деп маалымдады аймактк кабарчы.

Аталган иш-чаранын ачылышына район жетекчисинин орун басары Максатбек Зикиров, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Таиров, райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Адил Алимкулов, райондогу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Азиз Жумабаев, райондогу үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы Зудпия Малтабарова катышты.

Маалыматка ылайык, Алай районунда 31 миңден ашык адам эмдөөдөн өтөт. Ал үчүн райондун айылдарындагы медициналык мекемелерден сырткары мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейде эмдөө жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү. ОшТУнун Алайдагы филиалында эмдөө жргүзүүгө 3 бөлмө даярдалды.

Аталган медициналык мекемелердин жетекчилеринин айтымында, эмдөөгө керектелүүчү вакциналар толугу менен алынып келинип, бардык ФАП, эмканаларга, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна жеткирилди.

Ал эми райондогу ден соолукту чыңдоо кабинети, айылдык ден соолук комитеттеринин жетекчилери жана мүчөлөрү тарабынан плакаттар, брошюралар, китепчелер таркатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×