Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 13.05.2015 09:59

Алай районунда бир күндө 8 миң адам кызамыкка каршы эмдөөдөн өттү

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда улуттук эмдөө кампаниясынын биринчи күнүндө эле, тактап айтканда кечээ, 12-майда кызамыкка каршы 8 миң адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу райондук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун башчысы Адыл Алимкулов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Алай району боюнча мектеп окуучулары жана мектепке чейинки курактагы өспүрүмдөр эмдөөдөн өткөрүлдү. Эмдөө алгандардын 4 миңи Гүлчө айылынан, 1300 бала балдар бакчасынан келди. Эмдөө 12-майдан 23-майга чейин болот.

Райондо жашап жаткан 13 миң 706 окуучу, 50 жашка чейинки 1203 мугалим эмдөө алууга тийиш.   

 

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×