Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 12.05.2015 10:40

Алай районунда кызамыкка каршы эмдөө башталды

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда кызамыкка каршы эмдөө башталды. Районго 30 миң дозалык дары-дармектер келди. Бул тууралуу Алай райондук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун башчысы Адыл Алимкулов бүгүн, 12-майда аймактык кабарчыга билдирди.

«Биз Алай району боюнча кызамыкка каршы 31 миң адамга вакцина алуу үчүн арыз бергенбиз. Учурда 30 миң дозалык вакцина келди.  Бардык эмдөө жүргүзүүчү пункттарга вакциналарды таратып бердик. Бүгүн, 12-майда эмдөө башталды. Эмдөөнү 2 баскыч  менен жүргүзүп жатабыз. Алгач райондогу 53 мектепте, бала бакчаларда эмдөө жүрөт. Экинчи баскычта 20 жаштан жогорку мугалимдерге, медицина кызматкерлерине, студенттерге эмдөө жүргүзүлөт», - деди А.Алимкулов.

Аталган райондо эмдөө жүргүзүүчү 40 пункт иштей баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×