Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 07.05.2015 18:55

Алайда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата спорттук мелдеш өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Алай районунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси менен райондогу бардык мекеме ишкана жетекчилеринен, айыл өкмөттөрүнөн, укук коргоо органдарынан жана мектеп директорлорунан турган командалардын мелдеши башталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалымтака ылайык, анын ачылыш аземинде Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов сөз сүйлөп, командаларга ийгилик каалады.

Ошондой эле, ал бул мелдешке Европанын эки жолку, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону КРнын Олимпиадалык спорт мектебинин директору Каныбек Осмоналиевдин да күбө болуп жатканын айтты.

Сөз кезегинде дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиев Алайдын акиминин демилгеси менен бир нече жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан мындай мелдешке ыраазычылыгын билдирип, жалпы эле Алай элин Жеңиш майрамдары менен куттуктады.

Алгач чүчү кулак кармоонун негизинде мекеме-ишкана жетекчилери менен укук коргоо органдарынын командасы оюнду башташты.

21

23

24

25

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×