Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 23.04.2015 14:46

Алайда «Алыкулдун керемет поэзиясы» китеп көргөзмөсү менен акындын чыгармаларын даңазалаган адабий кече өттү

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Мамат Жакыпов атындагы  борборлоштурулган китепканалар тармагынын балдар бөлүмү тарабынан Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата «Кыргыз поэзиясын бийиктикке көтөргөн акын Алыкул Осмоновго 100 жыл» аталышында эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Кеченин максаты өмүрүнүн аягына чейин поэзияны ыйык туткан, кайталангыс талант ээсинин чыгармачылыгын окурмандар чөйрөсүнө кеңири таанытуу экенин билдиришти.

Кечеде Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ыраимберди Жаманкулов, балдар бөлүмүнүн башчысы Жаркын Токторбаева, башкы китепканачы Уулкан Калдыбаева жана улуу китепканачы Примкулова улуу акындын ырларынан көркөм окуп, «Алыкулдун керемет поэзиясы» аталышындагы китеп көргөзмөсү да уюштурулду.

 

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×