Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 08.04.2015 12:58

Алай районунда акыркы 3 ай ичинде 14 адам альвеококкоз оорусунан дарыланып чыгышты

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда акыркы үч айдын ичинде 14 альвеококкоз, 2 эхинококк менен ооруган бейтаптар дарыланып чыгышты.

Алай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев аймактык кабарчыга маалымдашынча, союз ыдырап  кеткенден кийин ветеринардык кызматтын деңгээли төмөндөп, жер-жерлерде ветврачтардын  жетишсиздигинин натыйжасы болууда. «Бул ооруну түп-тамырынан кыскартуу үчүн  ветеринардык кызматтын деңгээлин көтөрүү учурдун талабы. Аталган оорулар 3 эсеге азайган», - дейт ал.

Райондун борборунан алыс жайгашкан Сары-Таш, Сары-Могол, Талды-Суу жана алардын эли жайлай турган алыскы жайлоолорго чейин УЗИ аппараты менен тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте элди текшерүүдөн өткөрүп турушаарын кошумчалады. Алардын арасында бул оорудан оолак болуу үчүн түшүндүрүү  иштери жүргүзүлөт.

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×