Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 07.04.2015 08:43

Алай аймактык ооруканасында бир нече бейтапка альвеококкоз боюнча операция жасалды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев альвеококкоз оорусу менен жаш өспүрүмдөрдүн да ооруп жаткандыгын билдирди. Ал өзү жетектеген оорукананын хирургия бөлүмүнүн дарыгерлери Жоомарт Жоробаев, Медер Сакебаев, Азиз Маткабылов, башкы медайым Карабаева Роза менен биргеликте Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылынан келген 5-класстын окуучусу Бумариямuf альвеококкоз оорусу боюнча операция жасашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Билинбей жүрө берип бул оору өтүшүп кеткен формасында келгендиктен татаал операция болду. Кыздын апасы Бузада Сапаеванын айтымында, кызына сарык оорусунун аныктамасы коюлуп, областтык оорукананын балдар бөлүмүндө дарыланган. Бирок 35 күндөн кийин УЗИден альвеококкоздун өтүшүп кеткен формасы аныкталып, Алай аймактык ооруканасында кызга ийгиликтүү операция жасалды, деди дарыгер.

Ушундай эле татаал операция Алай районунун Сары-Могол айылынан келген Жолдубай кызы Айчүрөккө, Үч-Дөбө айыл өкмөтүнөн келген Мырзаева Күмүшайга, Абдилашимов Акназарга да жасалды.

Эске салсак, аталган оорунун очогу Алай районунда бар экендиги буга чейин айтылган эле.

IMG_2559

IMG_2571

IMG_2572

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×