Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 06.04.2015 13:54

Алай районунда альвиоккоз оорусунун очогу бар

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда альвиоккоз оорусунун очогу бар. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Ош облустук ветеринардык санитардык коопсуздук кызматынын башчысы Сүйүнбай Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, Алай районунун Сары-Моңол айыл өкмөтүндө альвиоккоз оорусун жугузуп алгандар бар.

«Ош облусунун Алай районунда альвиоккоз оруусун жугузгандар көп катталган. Ал жерде ооруну кайсы жактан жугузуп алганы азыркы күндө дайынсыз. Бул оруу келемиш, чычкан сыяктуу жапайы жаныбарлардан жугат. Ал эми эхинококкоз оорусу ит, мышыктардан жугат. Малдарга дагы ит, мышыктардан жугаары аныкталган. Азыркы күндө элдерге ит, мышыктарды багуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз»,- деди С.Абдуллаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×