Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 26.03.2015 10:42

Алай районунун 31 миңден ашуун жашоочусу кызамыкка каршы эмдөөгө чакырылат

Turmush -  Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айылында жергиликтүү жашоочуларды кызамыккы каршы эмдөө башталат.

Райондук эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Асан Турдубеков аймактык кабарчыга билдиргендей, бул багыттагы иш-чаралар апрель айында башталат.

«Кызамыкка каршы эмдөөнүн биринчи туру Бишкек шаарында жана Чүй облусунда болду. Экинчи туру түштүк аймакта апрель айынан башталат. Биз Алай району боюнча 31 миң адамга дарыга арыз бергенбиз. Эмдөө үчүн керектелүүчү дарылар апрелден тартып алынып келет. Эмдөө негизинен 1 жаштан 20 жашка чейинки жарандарга жүргүзүлөт», - деди А.Турдубеков.

Жашоочулар эмдөөдөн бала бакчалардан, ооруканалардан өтүүгө болот, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×