Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 23.03.2015 11:35

Алайдын Гүлчө айылындагы окуучулар 430 сомдук китепти, 500-550 сомдон сатып алууга аргасыз болууда, - мугалим

Turmush -  Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө балдарды мектепке даярдоо класстары ачылган. Бирок аларды китеп менен камсыздоо жаатында көйгөйлөр жаралууда. Бул туурасында башталгыч класстын мугалими Минаяш Маматисаева аймактык кабарчыга билдирди.

«Жеткинчектерди китеп менен камсыздоону Алай райондук билим берүү мекемеси колго алган. Алар китепти 430 сомдон алып берүүнү айткан. Бирок китептер сатыкка чыгып кеткендигине байланыштуу, билим берүү бөлүмүнө китептер келбей калды. Окуучулар базардан 430 сомдук китептерди, 500-550 сомдон сатып алууга аргасыз болууда», - деди М.Маматисаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×