Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 18.03.2015 12:03

Алай районунда 24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык өтүп жатат

Turmush -  Ош облусундагы Алай районунда 24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык өтүп жатат, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Райондогу физиатр-дарыгер Кушубак Жолдубаев бул дартка кабылгандар менен өз алдынча иш аракеттерди жүргүзүүнү улантуу менен жаңыдан табылган оорулууларды аныктап, аларга дарылоо, кеңеш берүү иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдындагы ден-соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн жетекчиси Зулпия Малтабарова бул кабинеттин адистери менен белгиленген графиктин негизинде калк арасында санитардык агартуу иштерин улантууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×