Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 13.03.2015 09:59

Алайда айрым бала бакчаларда медициналык кесиби жок медайымдар иштеп жатканына тынчсызданышууда

Turmush -  Алай районунда болуп өткөн аппараттык жыйында райондун аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө маселе талкууланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматта белгилүү болгондой, учурда Алайда 5 мамлекеттик, 15 муниципалдык жалпысынан 20 балдар бакчасы иштеп жатат. Жалпысынан 1806 баланы тарбиялоодо 85 тарбиячы иштеп келет. Ал эми үч үй бакчада 56 бала, райондогу 13 мектепте мектепке чейинки даярдоо боюнча билим берилип, анда 270 бала билим алып келүүдө.

Аппараттык жыйында Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов бала бакчалардын иштериндеги айрым кемчиликтерди баса көрсөтүп, аны тез арада жоюнун жолдорун эскертти. Мында өзгөчө медайымдардын иштериндеги кемчилик өтө кооптуу экендиги айтылды. Анткени, айрым бакчаларда медициналык кесиби жок медайымдар иштеп жатканына аким тынчсызданды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×