Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 10.03.2015 15:39

Алай районунда «Көңүлдүү старт» деген аталышта кыймылдуу оюн болуп өттү

Turmush -  Алай районундагы Алтын Молдокулова жетектеген Адышев атындагы орто мектепте «Көңүлдүү старт» деген аталышта кыймылдуу оюн өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мектептин 11-«а», 11-«б», 11-«в» жана 10-«б» класстарынын окуучуларынан түзүлгөн командалар 15 метрге чуркоо, футбол топ менен тоскоолдуктардан өтүү, топту көкүрөккө алып жүгүрүү, теннис шариктери менен ойноо сыяктуу спорттун түрдүү түрлөрү менен жарышышты.

Жыйынтыгында 11-«б» класс көп упай топтоп, биринчи орунга татыктуу болду. Бул спорттук мелдештин максаты - чыр-чатакты алдын алуу жана өспүрүмдөрдү толеранттуулукка тарбиялоо, достук, ынтымакка чакыруу болду.

Мелдеш MSDSPKG Агахан фондунун чыр-чатакты алдын алуу долбоору тарабынан каржыланып, аны бул долбоор менен мектепте иш алып барып жаткан Уулча Жусупова уюштурду.

Жеңүүчү командаларга белгиленген сыйлыктар тапшырылды.

IMG_0495

IMG_0492

IMG_0478

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×