Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 04.03.2015 18:47

Депутат А.Кутушев Алайда айылдыктар өздөрү демилге көтөрүп, бош турган үйдү эле бала бакча кылып алган имарат менен таанышты

Turmush -  Алай районуна иш сапары менен барган депутат А.Кутушев Будалык айылындагы №20 «Нурай» бала бакчасынын абалы менен таанышты.

ЖК басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда 30 бала тарбияланып жаткан бул бала бакча капиталдык ремонтко муктаж. 2 млн 996 миң сомго түрткү берүүчү грантка долбоор жазышкан.

«Эгер ушул маселе чечилип калса, бакчанын абалын кадыресе оңдоп алат элек», - дешет бала бакча жамааты.

Бала бакча көйгөйү Чий-Талаа айылында да орун алган. Бала бакча жоктугунан айылдыктар өздөрү демилге көтөрүп бош турган үйдү эле бала бакча кылып алышкан. Чий-Талаалыктар дагы бала бакчага имарат куруп берсеңиздер деген суроо-талап коюшту. Бирок, депутат азырынча өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жетпей жатканын белгилеп, жеке менчик бала бакчаларды өркүндөтүү сунушун берди.

Айыл тургундары мындан башка да көйгөйлөрдү - жаштарга турак үй салып алууга жер тилкелеринин бөлүнүп берилбей жатканын, кара тизмеге түшүп калган жарандар кайра Орусияга баралбай жатканын, Кытай менен чектешкен Нура айылындагы чек ара өткөрмө пунктуна барып иштеп келүүгө атайын уруксат кагазы талап кылынып, ал жакка барып-келалбай жатышкандыгын, ошону менен катар арпанын, картошканын сапаттуу үрөнү жок болуп жатканын тизмектешти.

Мына ушул өңдүү шайлоочуларынын суроо-талаптарын уккан Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып, ылайыгына карап чечип берүү жагын убада кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×