Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 04.03.2015 18:44

Алайдын Арпатектир айылынын тургундары ЖК депутатынан жаңы мектеп куруу өтүнүчтүн айтышты

Turmush -  Алай районуна иш сапары менен барган депутат А.Кутушев Гүлчөдөгү коомдук кабылдамасында да кезек күткөн шайлоочулар менен баарлашты, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Депутат алардын кайрылган маселелерин чечип берүүнүн аракетин көрдү.

21 жаштагы кызынын оор операцияга дуушар болуп жаткан жарандын маселеси боюнча дароо эле Саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшүп, кандай жол менен дарылоонун жолдорун талкуулады. Ошондой эле, мындан мурун Өзгөчө кырдаалдар министри менен келип көрүп кеткен көпүрөлөрдүн курулушу боюнча да маалымат алды.

Ал эми Арпатектир айылындагы №24 орто мектептин учурдагы абалы анча канааттандырбайт. Үстүнөн тамчы таамп, кышкысын болсо жарытып жылыбайт. Жаан-чачында, айрыкча кышында балдарды окутуу кыйын. Мектеп жамааты депутатка жаңы мектеп курулса деген өтүнүчтөрүн билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×