Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 04.03.2015 18:41

Алайдын Гүлчө айылында курулганына 1 кылым чамалаган №4 бала бакчанын имараты пайдаланууга жараксыз боло баштаган

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев Ош облусунун Алай районунда болуп, шайлоочулар менен жолугуп, социалдык объектилердин абалы менен таанышып келди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчөдөгү курулганына 1 кылым чамалаган №4 бала бакчанын имаратынын эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз боло баштагандыгына карабай, бала бакчанын жамааты колдон келишинче сактап келе жатышат. Бирок, эскилиги жеткен имарат канчалык аракет болгону менен барган сайын начарлоонун үстүндө. Бала бакча имаратынын абалы менен таанышкан депутат А.Кутушев эмгек жамаатынын жаңы имаратка болгон муктаждыгы туурасында өтүнүчтөрүн укту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×