Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 21.02.2015 15:42

Алай районунда «Жаша тилим, өмүр тилейм өзүңө» аттуу музыкалаштырылган кече болуп өттү

Turmush -  Алай районундагы Урниса Асилова жетектеген борборлоштурулган китепкананын тейлөө бөлүмү тарабынан «Жаша тилим, өмүр тилейм өзүңө» аттуу музыкалаштырылган кече болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Кечени аталган китепкананын директору Урниса Асилова ачты. Кечеге райондогу 92843 аскер бөлүктүн жоокерлери катышты.
Китепкана директору кеченин максаты - ар бир улуттун өз эне тилин аздектеп, барктап баалай билүүсү менен бирге, эне тилин даңазалап, улутту улут кылып турган бул эне тил экендигин түшүндүрүү менен, биримдикке, патриоттуулукка чакыруу экенин айтып өттү.

Эл аралык эне тил жөнүндө тейлөө бөлүмүнүн башчысы Г.Алиева айтып берсе, китепканачылар А.Аматова, Баатырова, Тобокаловалар көркөм окуу менен мында келгендерди өзүнө тартты.
Кеченин көркүн өздөрүнүн концерттик программасы менен райондогу №67 кесиптик лицейдин 1-курсунун курсанттары ачты. Алар дастан айтуу менен «Балдай тилди баалай бил» аттуу залкарлардын макал лакаптарынан айтышты.

Китепканачылар жоокерлерге «Тамгадан сөз куралат» «Синонимдик мамиле сөз» сыяктуу оюндарды уюштурушту. Ал эми 67-кесиптик лицейдин курсанттары бүгүнкү күндүн терс окуяларын чагылдырган интермедияларды ойношту.
Жыйынтыгында кечеге активдүү катышкан жоокерлерге жана кесиптик лицейдин студенттерине белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×