Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 21.02.2015 15:37

Алай районунда мектеп окуучулары чыр-чатактардын алдын алуу боюнча тамашоу кечесин уюштурушту

Turmush -  Алай районундагы Алтын Молдокулова жетектеген №1 Адышев атындагы орто мектебинде ынтымак, достук толеранттуулук темасын камтыган тамашоу кечеси өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Кечеге райондун борборундагы Адышев, Парманас, Сопуев, Кадырмамат уулу Абдразак атындагы лицей мектебинин окуучуларынан куралган «Радуга», «kg войс», «Герой», «Достук» жана «Одноклассник» командалары катышты.
Адышев атындагы орто мектептин директору Алтын Молдокулова бул тамашоу программасы MSDSPKG коомдук фондунун чыр-чатактарды азайтуу жана толеранттуулукка тарбиялоо аркылуу мектептерде өзүн-өзү башкаруу структурасын өркүндөтүү долбоорунун негизинде ишке ашып жатканын айтып өттү.

Тамашоу кечесине MSDSPKG коомдук фондунун чыр-чатактарды азайтуу жана толеранттуулукка тарбиялоо аркылуу мектептерде өзүн-өзү башкару структурасын өркүндөтүү долбоорунун координатору Абдурасулжан Умаралиев жана долбоордун ассистенти Евгения Усеновалар катышышты жана сөз сүйлөштү.

Жыйынтыгында жеөүүчү командалар аталган коомдук фонддун белгиленген сыйлыктарына ээ болушту.
Мектепте бул багытта Абазбек кызы Гүлназ жана Уулча Жусуповалар иш алып барышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×