Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 18.02.2015 17:42

Алайда 92843 аскер бөлүгүндөгү ачык эшиктер күнүндө окуучулар үчүн аскерлештирилген спорттук оюндар уюштурулду (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы 92843 аскер бөлүгүндө өткөн «Ачык эшиктер» күнүндө, келген окуучулар арасында аскерлештирилген спорттук оюндары өттү.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысынын билдиргенине караганда, оюн жыйынтыгында Отунчиев атындагы мектеп гимназиясы 1-орунду, 67-кесиптик лицей 2-орунду жана Адышев атындагы орто мектептин окуучулары 3-орунду алышып, белгиленген сыйлыктарга ээ болушкан.

Берилген маалыматка карасак, жеңүүчүлөрдү 92843 аскер бөлүгүнүн командири, подполковник Табылды Усенов, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, подполковник Байыш Даткаев жана райондук аскер комиссариатынын иш кагаздар бөлүмүнүн башчысы Сагын Кулановдор куттуктап, сөз сүйлөштү.

Жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо, Мекенди коргоо жана сүйүү, Куралдуу Күчтөр боюнча маалымат алуу максатын көздөгөн бул күнкү «Ачык эшиктер» күнү, окуучулар үчүн пайдалуу болгонун келип катышкандар белгилей өтүштү. «Келечекте өз Мекенибизди коргоого дайым даярбыз!» деген сезимдерге байланган окуучулар, аскер бөлүктүн жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

IMG_9701

сүр

сүрөт

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×