Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 12.02.2015 09:54

Алайда Рысбай Абдыкадыров — Жумамүдүн Шералиев клубу ачылды (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районунда Рысбай Абдыкадыров — Жумамүдүн Шералиев клубу ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, ачылыш аземи салтанаттык иш-чара менен коштолду. Клубдун кызыл тасмасы эл аралык Рысбай клубунун президенти Султан Борошов, облустук эл чыгармачылыгы борборунун директору, облустук Шералиев клубунун жетекчиси Асел Айылчиева, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалайбек Сарыбашов жана Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, райондогу «Рысбай Абдыкадыров» фондунун төрагасы Ырайымберди Жаманкуловдун катышуусунда кесилди.

Ошондой эле, салтанатка ысымдары аталган таланттардын күйөрмандары да келип катышты.

Келген коноктор чыгып сөз сүйлөшүп, бул иш-чараны уюштурган райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ырайимберди Жаманкуловго ыраазычылык билдиришти.

Бул күнү райондогу С. Дооронов атындагы балдардын көркөм өнөр мектебинин алдында уюштурулган фольклордук оркестрдин коштоосунда, Рысбай Абдыкадыровдун ырлары жаңырды. Алгач, аталган клубдун жетекчиси, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ырайимберди Жаманкулов оркестрдин коштоосу менен анын «Биз экөөбүз» деген ырын аткарды.

Таланттарга эшик ачкан клбудун ичи жасалгаланып, биз таазим эткен таланттар, Р.Абдыкадыров менен Ж.Шералиевдин сүрөттөрү, ноталары жана ырлары коюлду.

аким 1

аким 2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×