Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 22.01.2015 18:37

Кызамыктын алдын алуу багытында калкка түшүндүрүү иштери Алайда да кызуу жүрүп жатат

Turmush -  Алай районунда кызамык оорусунун алдын алуу багытында калк арасында түшүндүрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Адил Аданов жетектеген Алай райондук үй-бүлөлүк медицина борбору жана Алай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы Азиз Жумабаевдер жетектеген жер-жерлердеги медициналык мекемелердин ак халатчандары кызамык жана кызылча оорусунан кантип сактануу керектиги, аны алдын алуу боюнча баракчаларды, брошюраларды таркатышууда.

Мектептерде, бала бакчаларда жана эл көп чогулган жерлерде аңгеме лекциялар окулуп, бул оорудан сактануунун жолдорун үйрөтүшүүдө.

Эске сала кетсек, бул ооруну алдын алуу максатында Алай райондук мамадминистрацияда көп секторлуу координациялык кеңешме өткөрүлүп, тиешелүү жетекчилерге эскертилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×