Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 21.01.2015 11:28

Алай районунда калктын саламаттыгын сактоого түшүндүрүү иштерин алып баруучу 29 коомдук ден-соолук комитет түзүлдү

Turmush -  Алай районунда «Дени сак шаар», «Дени сак район» программасынын негизинде райондун борборунда 29 коомдук ден-соолук комитеттери түзүлүп, бет ачаары өттү.

Комитеттин райондогу координатору болуп Алай райондук администрациясынын социалдык маданий өнүгүү маселелер боюнча башкы адиси Мамыт Бекташов дайындалды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул боюнча өткөн тегерек столго Алай райадминистрациясынын аппарат жетекчиси Аданбай уулу Нурбек катышып, калктын ден-соолугу үчүн болуп жаткан мындай иш аракеттерге ар дайым колдоо боло тургандыгын белгиледи.

Райондогу үй-бүлөлүк медицина борборунун алдында түзүлгөн ден-соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы Зулпия Малтабарова белгилегендей, бул иш-чаранын максаты ооруларды алдын алуу үчүн айылдагы лидерлер менен тыгыз иштешүү болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×