Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 09.01.2015 12:06

Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнө 2 балдар бакчасы курулган

Turmush -  Ош облусунун Алай районуна 2014-жылы 2 балдар бакчалары ишке берилген. Бул тууралуу Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын өкүлү Кыялбек Мажитов билдирди.

Анын билдиришинче, эки бала бакча тең Алай районундагы Будалык айыл өкмөтүнө курулган. Кара-Суу айылына курулган бала бакчага 103 миң 600 сом акча каражаты сарпталган.

Ал эми Октябрь айылындагы бала бакчага 242 миң сом каражат жумшалган. Курулган балдар бакчаларына жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×