Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 30.12.2014 13:00

Алайда айыл өкмөттөрдүн мыкты окуган окуучуларына аким балаты майрамын өткөрдү (фото)

Turmush -  Алай районунда бардык айыл өкмөттөрүнөн чогулган мыкты окуган окуучулар үчүн ресторандардын биринде жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов окуучуларды куттуктап, илим-билимге сугарылган жаштар келечектин негизи экенин, билимдин пайдубалы мектеп экенин айтып, окуудагы ийгиликтерди каалады.

Район борборунан 300 чакырым алыстыкта жайгашкан Нура айылынын Мону атындагы орто мектептен келген 5-класстын окуучусу Жоодар Эсеналы уулу мындай балатыга биринчи ирет катышып жатканын айтып кубанды. Ата-энелердин атынан Баатыр эне Акимкулова Соно райондун акиминин келечек муундарга жасап жаткан мындай мамилесин жогору баалап, ыраазычылык билдирди.

Маалым болгондой, аким райондогу 53 мектептен чогулган 230 окуучуга жана бала-бакчалардан келген наристелерге белегин тапшырып, майрамдык сый-тамак уюштурду. Ошондой эле, андагы окуучуларды Алай районундагы балдардын чыгармачылык борборунун өнөрпоздору куттуктап, концерттик программаларын тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×