Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 26.12.2014 15:12

Фото - Алайдагы Абдразак Кадырмамат уулу атындагы лицейде акимдин балаты майрамы белгиленди

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы жаңы жылдык салтанатка Абдразак Кадырмамат уулу атындагы лицей-мектептен башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Бул лицей-мектепте райондун бардык аймактарынан келген жарым жана тоголок жетимдер, социалдык абалы оор үй-бүлөлөрдүн балдары билим алышат. Жаңы жылдык салтанатты аталган мектептин директору Кубаныч Бөкөбаев ачып, ал акимдин балатысы жыл сайын жогорку денгээлде өтүп жатканын белгиледи.

Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов жаңы жылдык куттуктоосун айтып, мындагы билим алып жаткан балдардын ичинен 100 окуучуга өзүнүн белегин тапшырды.

Маалым болгондой, салтанатка райондун акиминин орун басары Максатбек Зикиров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×